жеңил2
- Анчалык оор абалда болбоо, азая түшүү, оордугу азаюу.
- Өзүн жакшы сезүү, сергий түшүү, кандайдыр бир оор нерседен, оор абалдан кутулгандай болуу, эс ала түшүү, жеңилдей түшүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Маңгыттардын хан Калдык, / Эки сапар жеңилип, / Жаталбады ардыгып, / Коросон, Испан элине, / Киши жумшап кат жазып, / Коросон, испан элдери, / Барбайбыз деп айтышты, / Кебин угуп алардын, / Баргандар кайт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жүйрүн дөө качып кутулбай, / Манастан бери карата, / Келатат кыргыз ушундай, / Табакта сүтү чайпалып, / Каймактын чети бузулбай, / Жеңилип келген кишиден, / Эки жылы кысылбай, / Келбедиң, кытай ханы, сен, / Токсон миң аскер Тобукең, / Ошону топодой жууруп ким жеген?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жандан тойбой, Чойун алп, / Көп акылды ойлойлу, / Тажик, калмак биригип, / Кыргыздан калып жеңилип, / Калганга таба болбойлу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сүйлөгөндөн эринген, / Жеңилген нечен мырза көп, / Желбегей чапан жамынган, / Жеткилеңдүү жаштар көп, / Тоту куштай сыланган, / Кыргоол сындуу кыздар көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карап турган кыргыздар, / Кара жал жолборс жеңилсе, / Каңгайга айдап кетер — деп, / Калың журт анда нетер — деп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →