жеңил1
- Салмагы аз, оор эмес.
- Калың эмес, жука (көбүнчө кийимге карата).
- Коркунучтуу эмес, коркунучу жок, анча катуу эмес (мис, оору).
- Анчалык кыйын эмес, татаал эмес, оңой, колдон келе тургандай, кыйынчылыгы жок.
- Шамдагай, баскан-турганы, кыймылы элпек.
- Акырын, бек эмес, катуу эмес, үстүртөн, жумшак.
- Токтоо эмес, мүнөзү шайкелең.
- Күчү жок, жөнөкөй гана, күчтүү эмес, анча-мынча, аз эле.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Маңгыттардын хан Калдык, / Эки сапар жеңилип, / Жаталбады ардыгып, / Коросон, Испан элине, / Киши жумшап кат жазып, / Коросон, испан элдери, / Барбайбыз деп айтышты, / Кебин угуп алардын, / Баргандар кайт…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жүйрүн дөө качып кутулбай, / Манастан бери карата, / Келатат кыргыз ушундай, / Табакта сүтү чайпалып, / Каймактын чети бузулбай, / Жеңилип келген кишиден, / Эки жылы кысылбай, / Келбедиң, кытай ханы, сен, / Токсон миң аскер Тобукең, / Ошону топодой жууруп ким жеген?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жандан тойбой, Чойун алп, / Көп акылды ойлойлу, / Тажик, калмак биригип, / Кыргыздан калып жеңилип, / Калганга таба болбойлу.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Сүйлөгөндөн эринген, / Жеңилген нечен мырза көп, / Желбегей чапан жамынган, / Жеткилеңдүү жаштар көп, / Тоту куштай сыланган, / Кыргоол сындуу кыздар көп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карап турган кыргыздар, / Кара жал жолборс жеңилсе, / Каңгайга айдап кетер — деп, / Калың журт анда нетер — деп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →