жең2

китептерде 315 жолу, 10 китепте жең 1 →
  1. Согушта, салгылашууда жеңишке жетишүү, жоосун, душманын багынтуу, баш ийдирүү.
  2. Элдик, спорттук оюндарда, чебердиги, өнөрү ж.б. жагынан күч сынашууда артыкчылыгы бар экендигин көрсөтүү, беттешкен, каршы турган тарабын жеңилүүгө дуушар кылуу, алдыңкы орундарды ээлөө.
  3. Өз ара жарышта, эмгек күрөшүндө ж.б. жогорку көрсөткүчтөргө жетишүү, ийгиликке ээ болуу.
  4. Кандайдыр бир кыйынчылыктардан, тоскоолдуктардан өтүүдө, каршы турууда ж.б. ийгиликтерге жетишүү, үстөм келүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди күн батып, / Эл-элине кетишти, / Эми булар нетишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Батыш менен чыгыштан, / Чыйракты такыр жеңдим деп, / Ойуңда келген экенсиң, / Мени ошондой экен деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Желбегей чапан жабынып, / Эки жеңи салынып, / Эр Манастын үйүнө, / Басып кирди далыйып, / Кыраандын баары ошондо, / Кырка отурган кырк чоро, / Эшиктен бийи киргенде, / Бары турду дүрбөшүп, / Улу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бута атым чыгып абакең, / Бурулбай бара жатканда, / Эки жеңи салбактап, / Эки буту тартактап, / Буурул аттын чылбырын, / Бура кармап турду эми, / Эр Карадөө далдактап, / Чылбырдан кармап тыртактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Үстүндө жеңи кырылган кызыл чапаны бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →