жең1

китептерде 315 жолу, 10 китепте жең 2 →
  1. Кийимдин колго кийилүүчү бөлүгү.
  2. Сейит чапанынын бир жеңин чечип жиберип, чөгөлөп калды (Сасыкбаев).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Кылычтын мизи айрылып, / Чарайналар чатырап, / Калкандын мыгы быдырап, / Чынжырлары үзүлүп, / Соотору жыртылып, / Соот тургай ичинде, / Буулумдары кырчылып, / Жең айрылып бурчулуп, / Жан алчу уруш башталып, / Күүгүм кирди күн батып, / Эл-элине кетишти, / Эми булар нетишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Батыш менен чыгыштан, / Чыйракты такыр жеңдим деп, / Ойуңда келген экенсиң, / Мени ошондой экен деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Желбегей чапан жабынып, / Эки жеңи салынып, / Эр Манастын үйүнө, / Басып кирди далыйып, / Кыраандын баары ошондо, / Кырка отурган кырк чоро, / Эшиктен бийи киргенде, / Бары турду дүрбөшүп, / Улу… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бута атым чыгып абакең, / Бурулбай бара жатканда, / Эки жеңи салбактап, / Эки буту тартактап, / Буурул аттын чылбырын, / Бура кармап турду эми, / Эр Карадөө далдактап, / Чылбырдан кармап тыртактап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Үстүндө жеңи кырылган кызыл чапаны бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →