жердик3

китептерде 9 жолу, 5 китепте жердик 1 →жердик 2 →жердик 4 →
  1. Элден-журттан обочо, өзүнчө жалгыз жүргөн, элге кошулбаган, элден алыс жүргөн.
  2. Колго үйрөтүлбөгөн, жапайы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Эмне кабар келет деп, / Сактап күтүп калгандыр, / Жердигине тапшырбай, / Өлүктү сактап салгандыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жердиги Шоорук эр экен, / Жүрөгүн мурун алдырып, / Чигитейге чыгалбай, / Апкаарып калган кеп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кышында өлдү жашырдык, / Ырымын журттан ашырдык, / Зыйнат кылып алынча, / Жердигине тапшырдык, / Ашын качан берсек деп, / Кеңешине чакырдык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Каары катуу сүрдүү адам, / Өңчөй өкүм мингени, / Абдан сурап билбедик, / Бул жердик эмес түрлөрү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Бу жердиктер бирин-эки субай салтаңынан башка малынын көбүн Боз адыр деген жерге кыштатып, колунда калган малдарына тоодон чокулап, чөп чаап алышат экен. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →