жердик1
- Теги, чыккан жери, түпкүлүгү, негизи.
- Буюмдун түпкү негизи, материалы, негизги үлгүсү, негизги түсү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Эмне кабар келет деп, / Сактап күтүп калгандыр, / Жердигине тапшырбай, / Өлүктү сактап салгандыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жердиги Шоорук эр экен, / Жүрөгүн мурун алдырып, / Чигитейге чыгалбай, / Апкаарып калган кеп экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кышында өлдү жашырдык, / Ырымын журттан ашырдык, / Зыйнат кылып алынча, / Жердигине тапшырдык, / Ашын качан берсек деп, / Кеңешине чакырдык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каары катуу сүрдүү адам, / Өңчөй өкүм мингени, / Абдан сурап билбедик, / Бул жердик эмес түрлөрү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Бу жердиктер бирин-эки субай салтаңынан башка малынын көбүн Боз адыр деген жерге кыштатып, колунда калган малдарына тоодон чокулап, чөп чаап алышат экен.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →