жашар2

китептерде 34 жолу, 9 китепте жашар 1 →
  1. Жаш болуу, мурдагысынан бир кыйла жаш көрүнүү.
  2. Жаңыруу, жаңы түргө келүү, жаңыча болуу, жаңыланып өзгөрүү.
  3. Жаңыдан көгөрүү, жашылдануу, жашыл түргө бөлөнүү, бүр байлоо, көк жашаң чөп чыгуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эмчеги эшек башындай, / Каржиликтин булчуңу, / Эки жашар баладай, / Далысы бар балакет, / Ордо атчу талаадай, / Эки бети жапжалпак, / Эт жасоочу чарадай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Акбалта жакын жерине, / Чыйырдыны Акбалта, / Он төрт жашар чагында, / Олжолоп алып келди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жашарып жайлоо толуптур, / Эл келер кези болуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Аргымак суудан оозуна, / Ууртап алып толтура, / Тамызып сууну туруптур, / Жараатка чапкан дарыга, / Тамызып турду дембелеп, / Жалбырак куурап калат деп, / Жашартып улам бул чөпкө, / Айбанда болсо жылкынын, / Акылы артык бөлөкчө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
Он жашар баласы — Петке мени жакшы көрүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →