жашар1
- Белгилүү бир жашка чыккан, белгилүү бир жашта.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эмчеги эшек башындай, / Каржиликтин булчуңу, / Эки жашар баладай, / Далысы бар балакет, / Ордо атчу талаадай, / Эки бети жапжалпак, / Эт жасоочу чарадай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Акбалта жакын жерине, / Чыйырдыны Акбалта, / Он төрт жашар чагында, / Олжолоп алып келди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жашарып жайлоо толуптур, / Эл келер кези болуптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Аргымак суудан оозуна, / Ууртап алып толтура, / Тамызып сууну туруптур, / Жараатка чапкан дарыга, / Тамызып турду дембелеп, / Жалбырак куурап калат деп, / Жашартып улам бул чөпкө, / Айбанда болсо жылкынын, / Акылы артык бөлөкчө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Он жашар баласы — Петке мени жакшы көрүүчү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →