жатык2
- Кандайдыр бир ишке, бир нерсеге машыгуу, көнүгүү, маш болуп, үйрөнүп кетүү.
- Көнүмүшкө айлануу, үйрөнүшүп, үйүр алып калуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ачкан оозун жумгунча, / Айткан кебин тыйгынча, / Жалпак тилдүү жатыгай, / Балтырын жанында турган Ажыбай, / Колунан бирөө тарткандай, / Ыргып туруп ордунан: / — Буйрук кылып кат берсең, / Булуттан күлүк ат берсең, / Төгөрөктүн төрт бурчун, / Төрт айлана мен чабам, / Ошонун жолун мен табам, / Хандарга кабар мен салам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Мага берген убадасы боюнча жатык кылып, шыдыратып бир топ сүйлөп чыккансыды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Макул, – деп чал ар күнү кийиктен келгенде комузун колуна алып, ар кандай мукам күүлөрдү кубулжута сайратып черткенде булбул тыңшап, анын күүлөрүн туураганга тили жатыга баштап, аздан-аздан үйрөнүп кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →