жатык1

китептерде 3 жолу, 3 китепте жатык 2 →
  1. Сыпайы, сылык, орой эмес, кичи пейил, элпек.
  2. Көркөм, куюлушкан, кулакка угумдуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ачкан оозун жумгунча, / Айткан кебин тыйгынча, / Жалпак тилдүү жатыгай, / Балтырын жанында турган Ажыбай, / Колунан бирөө тарткандай, / Ыргып туруп ордунан: / — Буйрук кылып кат берсең, / Булуттан күлүк ат берсең, / Төгөрөктүн төрт бурчун, / Төрт айлана мен чабам, / Ошонун жолун мен табам, / Хандарга кабар мен салам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Мага берген убадасы боюнча жатык кылып, шыдыратып бир топ сүйлөп чыккансыды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Макул, – деп чал ар күнү кийиктен келгенде комузун колуна алып, ар кандай мукам күүлөрдү кубулжута сайратып черткенде булбул тыңшап, анын күүлөрүн туураганга тили жатыга баштап, аздан-аздан үйрөнүп кетет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →