жарыш2
- Ат чапканда, чуркаганда ж.б. бири-биринен озуп кетүүгө, алдыга чыгып кетүүгө аракет кылуу.
- Ишти тез бүтүрүү, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, милдеттенмелерин аткаруу ж.б. максаттарда жеке адамдар, ишканалар, айрым коллективдер ж.б. бири-бири менен өз ара мелдешке чыгуу.
- жарыша формасында. Айрым-айрым эмес, чогуу, жабыла, бир мезгилде, жапырт.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ырыскан минтип сурады, / Жаны чыгып корккондон, / Жедигер чыдап турабы, / Баш аламан баарысы, / Жарыша койуп чуулдады, / Орто бойлуу, орто жаш, / Жылбырскасы кишинин, / Кара Чекир бирөө бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Кеңкула менен Тармалкөк, / Ат айабай камчылап, / Ажырата тарталбай, / Жанга өлчөлүү тулпарлар, / Кулактарын кайчылап, / Капталга атты салышып, / Кандыргалап жарышып, / Эңиш менен жарышып, / Эликтей колун сайылтып, / Асабасын жайылтып, / Өргө салып тартышып, / Минип жүргөн аттарын, / Кулжадай төшүн салынтып, / Аттар чарчап …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…н; / Азыркысын Алмамбет, / Айтканың кылып турайын, / Кызматтан мойнун бурбайын”- / Өзү менен иши жок, / Кайран Сыргак муну деп, / Хан Манастын камын жеп, / Тай жарышым калганда, / Кайра качты калдаңдап, / Эки этеги далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куш салса бирге салышты, / Ат койсо бул да жарышты, / Күн кеч кирер мезгилде, / Аркага кайта жанышты, / Мейкин зоого барганда, / Кирип кетти калгандар, / Кире албай калды Кара дөө, / Капалданып таң атты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эми эле айтса Гүлчоро, / Унутуп калып тим эле, / Алыска таштап караанды, / Тай жарышкан балдардай, / Тайы кул ук болгондор, / Жеткирбей кетип калгандай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →