жарыш1

китептерде 171 жолу, 10 китепте жарыш 2 →
  1. Ат чабуу же жөө жүгүрүү мелдеши.
  2. Эки адамдын же эки коллективдин иш, спорт ж.б. жагынан бири-биринен ашып кетүү үчүн өз ара мелдеши.
  3. Бири-бири менен катарлаш абал, бир багытта кеткен узундугу боюнча катарлаш.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ырыскан минтип сурады, / Жаны чыгып корккондон, / Жедигер чыдап турабы, / Баш аламан баарысы, / Жарыша койуп чуулдады, / Орто бойлуу, орто жаш, / Жылбырскасы кишинин, / Кара Чекир бирөө бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кеңкула менен Тармалкөк, / Ат айабай камчылап, / Ажырата тарталбай, / Жанга өлчөлүү тулпарлар, / Кулактарын кайчылап, / Капталга атты салышып, / Кандыргалап жарышып, / Эңиш менен жарышып, / Эликтей колун сайылтып, / Асабасын жайылтып, / Өргө салып тартышып, / Минип жүргөн аттарын, / Кулжадай төшүн салынтып, / Аттар чарчап … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…н; / Азыркысын Алмамбет, / Айтканың кылып турайын, / Кызматтан мойнун бурбайын”- / Өзү менен иши жок, / Кайран Сыргак муну деп, / Хан Манастын камын жеп, / Тай жарышым калганда, / Кайра качты калдаңдап, / Эки этеги далбаңдап, / Эки буту салбаңдап, / Кебез өтүк, кең белбоо, / Кечилдин ханы Коңурбай, / Байа Алмамбет айткандай, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Куш салса бирге салышты, / Ат койсо бул да жарышты, / Күн кеч кирер мезгилде, / Аркага кайта жанышты, / Мейкин зоого барганда, / Кирип кетти калгандар, / Кире албай калды Кара дөө, / Капалданып таң атты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Эми эле айтса Гүлчоро, / Унутуп калып тим эле, / Алыска таштап караанды, / Тай жарышкан балдардай, / Тайы кул ук болгондор, / Жеткирбей кетип калгандай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →