жарык2

китептерде 122 жолу, 10 китепте жарык 1 →
  1. Кандайдыр бир сынган нерсенин узатасынан кеткен жиги, изи же эки жакка ажырап ачылып калган жери, жарака.
  2. Дененин айрылган же чатырап жарылып кеткен жери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Күн чыгып жарык болгондо, / Канаттуу учуп өтө албай, / Айактуу басып кете албай, / Гиеси жок баары таш, / Жаркыраган тоо көрдү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Карап туруп Кыйарды, / Жамандыгы көрүнсө, / Кошо өлсөм экен, деп, / Өлүм жактын камын жеп: / “Көзүм тирүү турганда, / Караанын көрүп турайын, / Боло албай кетип баратса, / Жамандыгын көргүнчө, / Мурун көзүм жумайын, / Бок дүйнөгө байланып, / Жарыкка кантип турайын! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Үңкүрдүн кара капчыгай, / Анда чыгат чыт ыргай, / Ыргайдын түзүн кыйдырып, / Ыктуусун күнүгө жыйдырып, / Көлөкөдө кургатып, / Жарыгы жоктон шыпшатып: / Катуулугу ыргайдын, / Адам өлчөөр эме эмес, / Жашык-жушук темирден, / Каткан ыргай кем эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Табылыптыр бул бүркүт, / Музой Калча, багыңа, / Зоңконун зоосу жарыктан, / Чоң атаң Кубат барында, / Ителги тууп бул жерге, / Айкөл шердин Акшумкар, / Мындан алды деди эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Кеч кирип жарык күн батса, / Жарыкты күүгүм түн басса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →