жарык1
- Көрүү сезимине таасир этип, айлана-чөйрөнү көзгө көрүнө турган абалга келтирүүчү нур, шоола, нурдуу энергия.
- Нур чачырап, шоола чачып же күйүп турган абал, караңгылыкка капталбай, айлана-чөйрө көрүнүп турган мезгил.
- Жарыгым формасында, таанд. м. менен. Көбүнчө балам, кулунум деген мааниде эркелетүү иретинде айтылат.
- өт. Бакыттын, кубанычтын, шаттыктын, маданияттын символу катарында колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күн чыгып жарык болгондо, / Канаттуу учуп өтө албай, / Айактуу басып кете албай, / Гиеси жок баары таш, / Жаркыраган тоо көрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Карап туруп Кыйарды, / Жамандыгы көрүнсө, / Кошо өлсөм экен, деп, / Өлүм жактын камын жеп: / “Көзүм тирүү турганда, / Караанын көрүп турайын, / Боло албай кетип баратса, / Жамандыгын көргүнчө, / Мурун көзүм жумайын, / Бок дүйнөгө байланып, / Жарыкка кантип турайын!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Үңкүрдүн кара капчыгай, / Анда чыгат чыт ыргай, / Ыргайдын түзүн кыйдырып, / Ыктуусун күнүгө жыйдырып, / Көлөкөдө кургатып, / Жарыгы жоктон шыпшатып: / Катуулугу ыргайдын, / Адам өлчөөр эме эмес, / Жашык-жушук темирден, / Каткан ыргай кем эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Табылыптыр бул бүркүт, / Музой Калча, багыңа, / Зоңконун зоосу жарыктан, / Чоң атаң Кубат барында, / Ителги тууп бул жерге, / Айкөл шердин Акшумкар, / Мындан алды деди эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кеч кирип жарык күн батса, / Жарыкты күүгүм түн басса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →