жараш2

китептерде 73 жолу, 10 китепте жараш 1 →
  1. Жарашыктуу, келишимдүү көрүнүү, жакшынакай көрүнүштө болуу.
  2. Туура келүү, тиешелүү деңгээлде болуу, бап келүү, толук ылайык келүү, шайкеш келүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Турган жерин суратып, / Падыша Шоорук дегенди, / Жети сууга таратып, / Элөөсүздөн ээ болду, / Өзүнүн көзүн каратып, / Жүрмөк болду кыргызга, / Ырыскан менен жарашып, / Кабар салды Ырыскан, / Кубатайга кат жазып, / Ооганга кетип баратып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Келе жаткан чоң дөөгө, / Жакын жетти жарашып, / Аттан түшө калышып, / Салам кылды майышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Үйдүн ичи жарашып, / Кырк баатыр турган жанашып, / Алтыке кирип барганда, / Тиктеп калды канашып, / Ашыгып калды Алтыке, / “Кайдан келдим бул жерге, / Мындай ылгал жигитти, / Кө… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айдаса буурул былк этпейт, / Чылбыры Гүлүс колунда, / Тоо баскандай солк этпейт, / Карадөө, Токой жардашып, / Тирмейе тиктеп карашып, / Абасы менен Гүлчоро, / Көргөнгө көркөм жарашып, / Тура турсун эрендер, / Биз башкадан кабар алалык. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Беттешип теги кирбейли, / Белсенишип жүрбөйлү, / Атасы айкөл Манастын / Арбагына калбайлы, / Тил алсаң баатыр барбайлы / Биз астына баралы, / Жайа салып, кеп айтып, / Жарашып алып, жаналы! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →