жараш1
- Урушуудан, ортодо чатак чыгаруудан, нааразы болуудан кийин кайра таттуулашып ынтымакка келүү, табышуу, элдешүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Турган жерин суратып, / Падыша Шоорук дегенди, / Жети сууга таратып, / Элөөсүздөн ээ болду, / Өзүнүн көзүн каратып, / Жүрмөк болду кыргызга, / Ырыскан менен жарашып, / Кабар салды Ырыскан, / Кубатайга кат жазып, / Ооганга кетип баратып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Келе жаткан чоң дөөгө, / Жакын жетти жарашып, / Аттан түшө калышып, / Салам кылды майышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Үйдүн ичи жарашып, / Кырк баатыр турган жанашып, / Алтыке кирип барганда, / Тиктеп калды канашып, / Ашыгып калды Алтыке, / “Кайдан келдим бул жерге, / Мындай ылгал жигитти, / Кө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айдаса буурул былк этпейт, / Чылбыры Гүлүс колунда, / Тоо баскандай солк этпейт, / Карадөө, Токой жардашып, / Тирмейе тиктеп карашып, / Абасы менен Гүлчоро, / Көргөнгө көркөм жарашып, / Тура турсун эрендер, / Биз башкадан кабар алалык.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Беттешип теги кирбейли, / Белсенишип жүрбөйлү, / Атасы айкөл Манастын / Арбагына калбайлы, / Тил алсаң баатыр барбайлы / Биз астына баралы, / Жайа салып, кеп айтып, / Жарашып алып, жаналы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →