жап3

китептерде 134 жолу, 10 китепте жап 2 →
  1. Сын атоочтордун, тактоочтордун жапжакшы, жапжашыл, жапжаңы, жапжакын, жапжалгыз сыяктуу күчөтмө даражасын түзөт.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жакшылык менен жамандык, / Калемде кеткен жазууну, / Жапкан менен жабылбайт, / Сен жашырып катпагын, / Мен билгеним айтамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мааникер менен Аккула, / Жаба токуп минели, / Басып душман кол салса, / Баш тартпастан кирели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күүлөп урган күрзүсүн, / Күчү менен чабаарда, / Эр Сыргактын денесин, / Жерге нандай жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шилтеди, / Телкызыл… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жабдынып калды Сейитек, / Орусханга барам, деп, / Аңсаганым Гүлнарды, / Алып келе калам, деп, / Кайнатам Орус баласыз – / Эркек уулу жок экен, / Учурашып жанам, деп, / Каргалдайды баш кылып, / Жолдош алды үч киши, / Гүлчоронун Акбала, / Аны алып жанына, / Аттангалы жатканда, / Кабарга келди бир бала. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Коңур күз болбой жалбырак, / Сабалып түшүп жер жапты! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →