жап2

китептерде 134 жолу, 10 китепте жап 3 →
  1. Каалганы, дарбазаны жана жалпы эле ачылып жабыла турган нерселерди жабык абалга келтирүү, ачык абалда калтырбай бекитүү.
  2. Кандайдыр бир нерселердин үстүнө каптай салуу, чүмкөө, каптоо.
  3. Сүйкөө, сүртүү, шыбоо.
  4. Бир нерсенин бетине жабыштыруу, чаптоо (көбүнчө нан бышыруу, казанга, дандырга жабыштыруу).
  5. Жая берүү, каптай берүү, жайпоо, жайпай төгүлүү, каптай төгүлүү (көбүнчө суюктуктун куюлушу же төгүлүшүнө карата).
  6. Кандайдыр бир башталган ишти аяктатуу, токтотуу.
  7. Бакалчылар майда-чайда буюмдарын жыйнап, дүкөндөрүн жапты (Жантөшев).
  8. Жашыруу, билгизбөөгө аракет кылуу, ачыкка чыгарбоо.
  9. Ордун толтуруу, кемчил же жетишпеген жагын толуктоо, ордун бастыруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жакшылык менен жамандык, / Калемде кеткен жазууну, / Жапкан менен жабылбайт, / Сен жашырып катпагын, / Мен билгеним айтамын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Мааникер менен Аккула, / Жаба токуп минели, / Басып душман кол салса, / Баш тартпастан кирели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күүлөп урган күрзүсүн, / Күчү менен чабаарда, / Эр Сыргактын денесин, / Жерге нандай жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шилтеди, / Телкызыл… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жабдынып калды Сейитек, / Орусханга барам, деп, / Аңсаганым Гүлнарды, / Алып келе калам, деп, / Кайнатам Орус баласыз – / Эркек уулу жок экен, / Учурашып жанам, деп, / Каргалдайды баш кылып, / Жолдош алды үч киши, / Гүлчоронун Акбала, / Аны алып жанына, / Аттангалы жатканда, / Кабарга келди бир бала. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Коңур күз болбой жалбырак, / Сабалып түшүп жер жапты! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →