жаман2
- Мааниси жок начар адам.
- сүйл. Бала, балам деген мааниде, көбүнчө эркелете айтууда колдонулат.
- Өтө, абдан, эң эле, катуу деген сыяктуу мааниде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Шаңкайдын эли шалдайып, / Үпөндүктөн ажырап, / Боз ала болуп олтурса, / Баарыдан жаман иш турат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Эркинче бактым бул итти, / Көп дүйнөмдү чачтырды, / Быйакка кетсе жөн кетпей, / Өлтүрө кетип Дөөдүрдү, / Андан жаман шаштырды, / Айлымды калмак тебелеп, / Топурагын каздырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кутубай ага Таластан, / Жети суу барып кул болду, / Жакшы –жаман күндөрдө, / Силер менен бир болду, / Бирге барып бир келди, / Бул өңдөнүп ким келди?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мына мында тердигин салпактатып, жаман ээри менен бир ат качып келип, ушул коруктун дарбазасынан чыгып алып, жогору карай салды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →