жаман1

китептерде 743 жолу, 10 китепте жаман 2 →
  1. Сапаты, көрүнүшү ж.б. белгилери жагынан начар, талапка ылайык эмес, башкаларга салыштырганда бир кыйла төмөн, орточо деп баалоодон да төмөн.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өз уулун жоодой талаган, / Жакыптай какбаш карыны, / (Айтылып келет эмгиче, / Ооздон-оозго тарыхы) / Абыке, Көбөш – арамды, / Алаштан чыккан жаманды, / Канчоро жалгыз бейитти, / Бул төртөөнүн тушунда, / Ак калпак кыргыз кайран журт, / Айабай тартты кейишти. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Шаңкайдын эли шалдайып, / Үпөндүктөн ажырап, / Боз ала болуп олтурса, / Баарыдан жаман иш турат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Эркинче бактым бул итти, / Көп дүйнөмдү чачтырды, / Быйакка кетсе жөн кетпей, / Өлтүрө кетип Дөөдүрдү, / Андан жаман шаштырды, / Айлымды калмак тебелеп, / Топурагын каздырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кутубай ага Таластан, / Жети суу барып кул болду, / Жакшы –жаман күндөрдө, / Силер менен бир болду, / Бирге барып бир келди, / Бул өңдөнүп ким келди? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мына мында тердигин салпактатып, жаман ээри менен бир ат качып келип, ушул коруктун дарбазасынан чыгып алып, жогору карай салды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →