жалтаң2
- Чечкиндүү эмес, тартынчаак, жазганчаак, өткүр эмес, жалтак.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алды жагын эңкейип, / Карап көрсө хан Калдык, / Жалама жалтаң зоо экен, / Жалгыз аттын жолу экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Каалгасын караса, / Жалама жалтаң зоо болуп, / Кап бетиндей кулпу бар, / Көрүнүп турат томпойуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Айкын түздү тоо кылат, / Жалама жалтаң зоо кылат, / Кызыл жалын өрт кылат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Ушу дагы ишпи — деп, / Маңдайында кырчакка, / Жалама жалтаң ак ташка, / Төрт бута келет бийиги, / Эчки чыгып жатчу эле, / Өзү эңкек зоо эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →