жалтаң1

китептерде 4 жолу, 3 китепте жалтаң 2 →
  1. Жалт-жалт этип жаркыраган, өтө жылма, жалкаяк, жалтылдап нурга чагылышкан (көбүнчө музга же жаркыраган жылма нерселерге карата).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алды жагын эңкейип, / Карап көрсө хан Калдык, / Жалама жалтаң зоо экен, / Жалгыз аттын жолу экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каалгасын караса, / Жалама жалтаң зоо болуп, / Кап бетиндей кулпу бар, / Көрүнүп турат томпойуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Айкын түздү тоо кылат, / Жалама жалтаң зоо кылат, / Кызыл жалын өрт кылат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Ушу дагы ишпи — деп, / Маңдайында кырчакка, / Жалама жалтаң ак ташка, / Төрт бута келет бийиги, / Эчки чыгып жатчу эле, / Өзү эңкек зоо эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →