жазда2
- Негизги этиш менен кошо айтылып, кыймыл-аракетттин аз жерден аякталбай, белгилүү бир жыйынтыкка аз жерден жеткирилбей калган абалын билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Арам өлгөн Карткүрөң, / Абдан кызып учканы, / Кармаган колун Сыргактын, / Жулуп кете таштады, / Камынып кармап албаса, / Каныкейди түшүрбөй, / Алып кете жаздады!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Он экиге чыга элек, / Он бир жарым жашыңда, / Үркөнчтөн чалгын чалганың, / Толтойду жерге жаздадың, / Чынкожону атканың, / Кайра айттың деп абама, / Көкчөнүн уулу Үмүтөй, / Башын кесип таштадың, / Жашың кырктан ашканда, / Он эки жыл азапты, / Опсуз катуу тартканың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Суркойон күлүк болбосо, / Сойуп койо жаздады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ушуну айтып салганымча болбой Ак-Суунун бери четине чыга жаздап калган кезде, шаардан чыгып төмөн карай кетип бараткан бир эшекчен бала так алдыбыздан кезигип, бизди көрүп токтой калганы!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Султаналы сүйүнүп, "Кемпиримден бөөдө ажырап кала жаздадым", деп мөмөлөрдүн кандайы дабаа, кандайы залал боло турганын жакшы билди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →