жазда1

китептерде 79 жолу, 10 китепте жазда 2 →
  1. Башка, алдыга жаздык же башка бир нерсени коюу, төшөө.
  2. Мага атлас төшөктөн төшөп, алдыма мамык жаздагыла (Жантөшев).
  3. Астына кандайдыр бир нерселерди атайын таканчык, жаздык катары коюу, төшөө, жөлөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Арам өлгөн Карткүрөң, / Абдан кызып учканы, / Кармаган колун Сыргактын, / Жулуп кете таштады, / Камынып кармап албаса, / Каныкейди түшүрбөй, / Алып кете жаздады! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Он экиге чыга элек, / Он бир жарым жашыңда, / Үркөнчтөн чалгын чалганың, / Толтойду жерге жаздадың, / Чынкожону атканың, / Кайра айттың деп абама, / Көкчөнүн уулу Үмүтөй, / Башын кесип таштадың, / Жашың кырктан ашканда, / Он эки жыл азапты, / Опсуз катуу тартканың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Суркойон күлүк болбосо, / Сойуп койо жаздады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ушуну айтып салганымча болбой Ак-Суунун бери четине чыга жаздап калган кезде, шаардан чыгып төмөн карай кетип бараткан бир эшекчен бала так алдыбыздан кезигип, бизди көрүп токтой калганы! Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Султаналы сүйүнүп, "Кемпиримден бөөдө ажырап кала жаздадым", деп мөмөлөрдүн кандайы дабаа, кандайы залал боло турганын жакшы билди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →