бүт2

китептерде 849 жолу, 10 китепте бүт 1 →
  1. Баштаган ишти аягына жеткире иштөө, аягына чейин иштөө, аяктоо.
  2. Пайда болуу, жаралуу.
  3. Айыгуу, калыбына келүү.
  4. Түгөнүү, жок болуу.
  5. Жылчык, көзөнөк ж. б. бүтөлүп калуу Ийненин көзү бүтүп, учук өткүс болуп калыптыр («Ала-Тоо»).
  6. Тамагы буулуп, үнү чыкпоо.
  7. Айласы, амалы кетүү, жадоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Убадаңды бек кылсаң, / Чачылган малды бүт жыйсаң, / Сандыкта зарды жам кылсаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Үч жыл кысыр турчу эле, / Алтайдын Айдыңкөлүнө / Мындан качып барчу эле, / Кардына бала бүткөндө / Кайра келип алчу эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Отуз төөдө жүгү бар, / Беш жүз ашуун жылкы бар, / Эрди-катын жыйырма жан, / Кулу менен күңү окшойт, / Мен көргөнүм ушул деп, / Бүттү бала айткан кеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Бу силердин бүтпөй турган эмне кебиңер бар? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Тетиги дубал сага окшогон жигиттердин башынан бүткөн, – деп дубалды көрсөтөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →