бүт1
- Толугу менен, бүткүл, бардыгы чогуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Убадаңды бек кылсаң, / Чачылган малды бүт жыйсаң, / Сандыкта зарды жам кылсаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Үч жыл кысыр турчу эле, / Алтайдын Айдыңкөлүнө / Мындан качып барчу эле, / Кардына бала бүткөндө / Кайра келип алчу эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Отуз төөдө жүгү бар, / Беш жүз ашуун жылкы бар, / Эрди-катын жыйырма жан, / Кулу менен күңү окшойт, / Мен көргөнүм ушул деп, / Бүттү бала айткан кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Бу силердин бүтпөй турган эмне кебиңер бар?
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Тетиги дубал сага окшогон жигиттердин башынан бүткөн, – деп дубалды көрсөтөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →