башта2

китептерде 972 жолу, 10 китепте башта 1 →
  1. Кыймыл-аракетке, ишке, айтууга ж.б. киришүү.
  2. Биринчи болуп журүү, алдында жүрүү, кандайдыр бир иштин башталышында биринчи болуп киришүү.
  3. Башында болуу, башкысы болуу.
  4. Жол көрсөтүү, ээрчитүү, багыт алдыруу, башчылык кылуу, жетекчилик кылуу.
  5. Чакчыл формада: баштап.
  6. Бут кийимдин, көбүнчө өтүктүн же масынын башын жаңыртып, жаны баш салуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маңгыттардын хан Калдык, / Жан алчуудай каарданып, / Өзүмдүн элим дебестен, / Ачуу сөзүн агытып, / Калгандарга заар салып: / — Эртеңден баштап жекеге, / Мен барамын дебегин, / Мен барам деп чыкканын, / Баш байланып келесиң, / Баш байланып келбесең, / Башыңды берип өлөсүң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Биз узакка кетпейли, / Эстейли жана эстейли, / Эл сүйгөн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Оогандын Апы, Напысы, / Андан башка сыйкыры, / Чоң кастыкты кылбасын, / Азык-түлүк чатырдан, / Абаң Бакай баштаган, / Ажырап калып жүрбөйлү, / Кыргыл баштап кыркынан, / Дайарданып сен бешөөң, / Асманда учкан чымчыктан, / Жерде жүргөн Коңурдан, / Бирөөнү чала кармабай, / Көз… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Үзөңгү бутта, бак башта, / Жан уйада турганда, / Угуп турсун Сейитек, / Күбө болсун зор Бакай, / Билгини сага бергеним. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Мен билчү эмес элем,— деп тарткынчыктай баштадым эле: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →