башта1
- Мурун, мурда, а дегенде.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыттардын хан Калдык, / Жан алчуудай каарданып, / Өзүмдүн элим дебестен, / Ачуу сөзүн агытып, / Калгандарга заар салып: / — Эртеңден баштап жекеге, / Мен барамын дебегин, / Мен барам деп чыкканын, / Баш байланып келесиң, / Баш байланып келбесең, / Башыңды берип өлөсүң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Биз узакка кетпейли, / Эстейли жана эстейли, / Эл сүйгөн баатыр Манасты, / Эр жараткан алашты, / Олуйа Кошой карыны, / Кабылан Бакай баштаган, / Он төрт хандын барыны, / Кырк кашкага баш болгон, / Аты өчпөс Кыргыл чалыңы; / Алмамбет, Чубак – беренди, / Семетей, Гүлүс – эренди, / Ак байбиче Чыйырды, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Оогандын Апы, Напысы, / Андан башка сыйкыры, / Чоң кастыкты кылбасын, / Азык-түлүк чатырдан, / Абаң Бакай баштаган, / Ажырап калып жүрбөйлү, / Кыргыл баштап кыркынан, / Дайарданып сен бешөөң, / Асманда учкан чымчыктан, / Жерде жүргөн Коңурдан, / Бирөөнү чала кармабай, / Көз…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Үзөңгү бутта, бак башта, / Жан уйада турганда, / Угуп турсун Сейитек, / Күбө болсун зор Бакай, / Билгини сага бергеним.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
— Мен билчү эмес элем,— деп тарткынчыктай баштадым эле:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →