басма3

китептерде 5 жолу, 3 китепте басма 1 →басма 2 →басма 4 →
  1. Хан сүрөтү түшүрүлгөн жука, кичине металл, XIII–XV кылымдарда монгол-татар хандарынын грамоталары.
  2. Оймо-чиймелүү ичке металл табак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Мени оору басмарлап, / Ачкалык элди басмырлап, / Алаканчык шыбыргак, / Таласты баскан кездерде, / Жоодарды карап кошо алып, / Токсон миң унаа дан артып, / Мага элес калтырдың. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Басма катын болгунча, / Келинжыр өлүп тынычу, / Кептин түбү мана ушу, / Ал көрөкчө жабылып, / Мужундай балбан катынга, / Жардам кыла кетели, / Колго тийсе коросон, / Койдой башын кесели, / Эриндиктен тешели, / Коктукат карай кетели. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…өдө жүргөндө, / Улуу Кемин жайлаган, / Улуу кара ат байлаган, / Кичи Кемин жайлаган, / Кичи кара ат байлаган, / Кара эчкинин терисин, / Халат кылып жамынган, / Басма мурун кызалак, / Туулган андан бала Үрбү, / Көкөтөйдүн ордуна, / Казактарга хан Үрбү, / Үрбүгө кабар салабыз, / Үрбүнүн колун алабыз, / Үйөр аккан суу болуп, /… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ңдогон чоң доңуз, / Топчуланып камынып, / Тогуз кабат темир тон, / Тоодой Коңур жамынып, / Алгарасын мойундап, / Бат атарын койундап, / Чоң кисесин курчанып, / Басма темир чакча алып, / Кылычы кында кыңгырап, / Айбалта белде шыңгырап, / Найзасы колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе дыңгырап, / Тоодой төрө К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Түшүп алгын буланы, / Балбандарга бурдуруп / Каныкейди башына, / Каратып койуп турдуруп, / Басмалатып кийели, / Учмактуу жеңең Чачыкей, / Уз экенин билели, / Чак эткендей сөздөнгөн, / Чагылгандай көздөнгөн, / Шай колдогон Гүлчоро, / Буланы көрүп бурулуп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →