басма2
- Тамак оорунун бир түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мени оору басмарлап, / Ачкалык элди басмырлап, / Алаканчык шыбыргак, / Таласты баскан кездерде, / Жоодарды карап кошо алып, / Токсон миң унаа дан артып, / Мага элес калтырдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Басма катын болгунча, / Келинжыр өлүп тынычу, / Кептин түбү мана ушу, / Ал көрөкчө жабылып, / Мужундай балбан катынга, / Жардам кыла кетели, / Колго тийсе коросон, / Койдой башын кесели, / Эриндиктен тешели, / Коктукат карай кетели.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…өдө жүргөндө, / Улуу Кемин жайлаган, / Улуу кара ат байлаган, / Кичи Кемин жайлаган, / Кичи кара ат байлаган, / Кара эчкинин терисин, / Халат кылып жамынган, / Басма мурун кызалак, / Туулган андан бала Үрбү, / Көкөтөйдүн ордуна, / Казактарга хан Үрбү, / Үрбүгө кабар салабыз, / Үрбүнүн колун алабыз, / Үйөр аккан суу болуп, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ңдогон чоң доңуз, / Топчуланып камынып, / Тогуз кабат темир тон, / Тоодой Коңур жамынып, / Алгарасын мойундап, / Бат атарын койундап, / Чоң кисесин курчанып, / Басма темир чакча алып, / Кылычы кында кыңгырап, / Айбалта белде шыңгырап, / Найзасы колдо зыңгырап, / Кытайча кызыл доолбас, / Чымын тийсе дыңгырап, / Тоодой төрө К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Түшүп алгын буланы, / Балбандарга бурдуруп / Каныкейди башына, / Каратып койуп турдуруп, / Басмалатып кийели, / Учмактуу жеңең Чачыкей, / Уз экенин билели, / Чак эткендей сөздөнгөн, / Чагылгандай көздөнгөн, / Шай колдогон Гүлчоро, / Буланы көрүп бурулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →