байла2

китептерде 865 жолу, 10 китепте байла 1 →
  1. Багыттоо, мээлөө, көздөө.
  2. диал. Байкоо, андуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Маңгыттардын хан Калдык, / Жан алчуудай каарданып, / Өзүмдүн элим дебестен, / Ачуу сөзүн агытып, / Калгандарга заар салып: / — Эртеңден баштап жекеге, / Мен барамын дебегин, / Мен барам деп чыкканын, / Баш байланып келесиң, / Баш байланып келбесең, / Башыңды берип өлөсүң! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элге айтып байанды, / Жакшылап күндү жай алды, / Салакалуу жай ташты, / Салып сууга байлады, / Асмандагы булутту, / Шамал козгоп айдады, / Шыбыргактап борошо, / Алай-дүлөй күн жаады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Катындар мурдун чүйрүшүп, / Кыңырак алып кемпирлер, / Эшикке чыга жүгүрүп, / Саксалаңдап абышка, / Шибегеси колунда, / Кескилеп кетмек бир демде, / Тим койсо элдин ойуна, / Алып барып байлады, / Байагы темир кадаага. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Жолчулардын кесиби болсо жолдун ташын терет, бузулган, суу жеген жерлерди, көпүрөлөрдү оңдойт; кыш болсо бирден чолокторун арнап, байлап коёт да, кезек менен Кызыл-Кыядан почто чыгарышат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жапайы бугуну карматып келип баягы карындашы жаткан көмүркөйдү бугунун эки мүйүзүнүн ортосуна бекем байлап кадайт да, бугуну жибек аркан менен аркандатып коет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →