байла1
- Жип, аркан, чынжыр сыяктуу түйүштүрүүгө, илиништирүүгө боло турган нерселер менен таңып, чырмап же кошуп бекитүү, байланыштыруу.
- Тосуп, бууп коюу өткөрбөй бекитүү.
- Дан, мөмө, бүчүр алуу, түйүлүү, өсүп чыгуу.
- Эттентүү, семиртүү, ат чабышка даярдоо ж. б. максаттарда ээн-эркин коё бербей, атайын багуу.
- өт. Тоскоол болуу, жолтоолук кылуу, жолун тороо, бууп салуу, токтотуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Маңгыттардын хан Калдык, / Жан алчуудай каарданып, / Өзүмдүн элим дебестен, / Ачуу сөзүн агытып, / Калгандарга заар салып: / — Эртеңден баштап жекеге, / Мен барамын дебегин, / Мен барам деп чыкканын, / Баш байланып келесиң, / Баш байланып келбесең, / Башыңды берип өлөсүң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Элге айтып байанды, / Жакшылап күндү жай алды, / Салакалуу жай ташты, / Салып сууга байлады, / Асмандагы булутту, / Шамал козгоп айдады, / Шыбыргактап борошо, / Алай-дүлөй күн жаады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Катындар мурдун чүйрүшүп, / Кыңырак алып кемпирлер, / Эшикке чыга жүгүрүп, / Саксалаңдап абышка, / Шибегеси колунда, / Кескилеп кетмек бир демде, / Тим койсо элдин ойуна, / Алып барып байлады, / Байагы темир кадаага.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Жолчулардын кесиби болсо жолдун ташын терет, бузулган, суу жеген жерлерди, көпүрөлөрдү оңдойт; кыш болсо бирден чолокторун арнап, байлап коёт да, кезек менен Кызыл-Кыядан почто чыгарышат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жапайы бугуну карматып келип баягы карындашы жаткан көмүркөйдү бугунун эки мүйүзүнүн ортосуна бекем байлап кадайт да, бугуну жибек аркан менен аркандатып коет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →