байкуш2

китептерде 121 жолу, 10 китепте байкуш 1 →
  1. Бечара, мусапыр, шордуу.
  2. Кыйынчылык башына түшүп, айласы кетип турган адамдарга, аянычтуу абалдагы ар кандай жандыктарга карата аёо иретинде колдонулат.
  3. Аёо сезимин билдирүү, эркелетүү иретинде колдонулат.
  4. Эч нерсе колунан келбеген киши катарында кемитүү иретинде колдонулат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сүйлөсө сөзү бууланган, / Сүйкүмү артык бир улан, / Тигип койгон өргөөгө, / Алып келип кирээрде, / Алдында басты Көкөйүң, / Кызынын жайын билерге, / Башын салса эшиктен, / Байкуш кызы элейип, / Карап калган селейип, / Тартып койгон сүрөттөй, / Жаны жоктой делейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Катты алып байкуштар, / Кайта жолго салышты, / Карбаластап энтеңдеп, / Ханына жетип барышты, / Өзү жазган кагазды, / Өзүнө бере салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Өзүңүз баштап, айашым, / Олтурупсуң баарыңар, / Байкуш менин кебиме, / Барың кулак салыңар, / Катындардан кеп уктум, / Байагы катын Накылай, / Абакемдин алдынан, / Тосуп кетти деп уктум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тоо бөксөлөр кайран эр, / Айбат кылып жаа тартып, / Милте чоктоп ок атып, / Бир бул жерден көрүнүп, / Бир ал жерден көрүнүп, / Амал менен урушуп, / Жүрүптүр байкуш жулушуп, / Семетейди Карадөө, / Мурун көрүп Сартбайдан, / Арманым жок өлсөм, деп, / Ат койуп жөнөп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Койчу эми, байкуштун ичкенин аш кылсаңчы? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →