байкуш1

китептерде 121 жолу, 10 китепте байкуш 2 →
  1. Үкү тукумуна кирүүчу канаттуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Сүйлөсө сөзү бууланган, / Сүйкүмү артык бир улан, / Тигип койгон өргөөгө, / Алып келип кирээрде, / Алдында басты Көкөйүң, / Кызынын жайын билерге, / Башын салса эшиктен, / Байкуш кызы элейип, / Карап калган селейип, / Тартып койгон сүрөттөй, / Жаны жоктой делейип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Катты алып байкуштар, / Кайта жолго салышты, / Карбаластап энтеңдеп, / Ханына жетип барышты, / Өзү жазган кагазды, / Өзүнө бере салышты. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ — Өзүңүз баштап, айашым, / Олтурупсуң баарыңар, / Байкуш менин кебиме, / Барың кулак салыңар, / Катындардан кеп уктум, / Байагы катын Накылай, / Абакемдин алдынан, / Тосуп кетти деп уктум. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тоо бөксөлөр кайран эр, / Айбат кылып жаа тартып, / Милте чоктоп ок атып, / Бир бул жерден көрүнүп, / Бир ал жерден көрүнүп, / Амал менен урушуп, / Жүрүптүр байкуш жулушуп, / Семетейди Карадөө, / Мурун көрүп Сартбайдан, / Арманым жок өлсөм, деп, / Ат койуп жөнөп алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Койчу эми, байкуштун ичкенин аш кылсаңчы? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →