баана2
- Шылтоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ — Менин жайым сурасаң, / Чигитейдин агасы, / Чымындай сырды жашырбас, / Чечекейдин карасы, / Барыбызга баш баана, / Баатыр Манас баласы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ополдогу кыргыздар, / Эчкидей ташка бааналап, / Булардын күнү куруптур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…етелеп келе жатканда, / Каныкей калды жолгошуп, / Тура калып Накылай, / Алдынан утур жол тосуп: / — Менин жолум улуу, акыл аз, / Сенин жашың кичүү, элге баш, / Баанайы менен баатырдын, / Баарыга болдуң кадырлаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айласы кетип Сулаймат, / Баана болбой Кудустан, / Айласы жок бүгүлүп, / “Тойун кылсын Сейит деп”, / айттырып ийди бул сөзүн, / Кулакка жакпас шум сөзүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ “Семетей сындуу абама, / Канчоронун артында, / Кызматым жакпай калганда, / Кесиреттүү абамдын, / Батасы кайдан тиет — деп, / Барбай койсом бааналап, / Кереминде билет — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →