баана1

китептерде 13 жолу, 6 китепте баана 2 →
  1. диал. Паана. Калка, коргонуч, караан, калканыч.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ — Менин жайым сурасаң, / Чигитейдин агасы, / Чымындай сырды жашырбас, / Чечекейдин карасы, / Барыбызга баш баана, / Баатыр Манас баласы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Ополдогу кыргыздар, / Эчкидей ташка бааналап, / Булардын күнү куруптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…етелеп келе жатканда, / Каныкей калды жолгошуп, / Тура калып Накылай, / Алдынан утур жол тосуп: / — Менин жолум улуу, акыл аз, / Сенин жашың кичүү, элге баш, / Баанайы менен баатырдын, / Баарыга болдуң кадырлаш. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айласы кетип Сулаймат, / Баана болбой Кудустан, / Айласы жок бүгүлүп, / “Тойун кылсын Сейит деп”, / айттырып ийди бул сөзүн, / Кулакка жакпас шум сөзүн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ “Семетей сындуу абама, / Канчоронун артында, / Кызматым жакпай калганда, / Кесиреттүү абамдын, / Батасы кайдан тиет — деп, / Барбай койсом бааналап, / Кереминде билет — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →