ая2
- Боору ооруу, жаны ачуу, кыйбоо.
- Ыраа көрбөө, бергиси келбөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Качырышып сайышты, / Найзаларын кагышты, / Күйкалары курушуп, / Кулжундашып урушуп, / Теке маңдай болушуп, / Теминишип койушуп, / Балталашып чабышып, / Колтуктарын чойушуп, / Кан жыттанып көөдөнү, / Акакташып соолушуп, / Такымдан чокмор алышып, / Тартынбастан салышып, / Жалтанышар пейли жок, / Жанын аяп калышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
— Эне, урбачы,— деп мени аяп турат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Кызыл атты катуу камчыланып кетип баратканы бизге кыйын тийип, аяп, артынан карап, кала бердик.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Жигит да атасы аябаган чоң бай болгонун, атасынын баланы алыс жолго кербенчилер менен кошо соода кылып келүүгө жибергенин, жолдо каракчылар кол салып, кербенчилердин малы-мүлкүн бүт бойдон тартып алып, өздөрүн өлтүрүп, ошол бойдон кайтып кетишкенин айтып берди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ошентип бала сыйкырчыдан кутулуп, Өкүш сыйкырчынын кызын алып, өз үйүндө аябаган чоң той өткөрүп, бейпил турмушта жашап калган экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →