ая1

китептерде 12 жолу, 3 китепте ая 2 →
  1. Сырдуу белги, жышаан, кереметтүү көрүнүш, кереметтүү сыр. Кээде өзгөчө сапат, касиет маанисинде да айтылат.
  2. Ыр, ыр курамы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Качырышып сайышты, / Найзаларын кагышты, / Күйкалары курушуп, / Кулжундашып урушуп, / Теке маңдай болушуп, / Теминишип койушуп, / Балталашып чабышып, / Колтуктарын чойушуп, / Кан жыттанып көөдөнү, / Акакташып соолушуп, / Такымдан чокмор алышып, / Тартынбастан салышып, / Жалтанышар пейли жок, / Жанын аяп калышып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
— Эне, урбачы,— деп мени аяп турат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Кызыл атты катуу камчыланып кетип баратканы бизге кыйын тийип, аяп, артынан карап, кала бердик. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Жигит да атасы аябаган чоң бай болгонун, атасынын баланы алыс жолго кербенчилер менен кошо соода кылып келүүгө жибергенин, жолдо каракчылар кол салып, кербенчилердин малы-мүлкүн бүт бойдон тартып алып, өздөрүн өлтүрүп, ошол бойдон кайтып кетишкенин айтып берди. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Ошентип бала сыйкырчыдан кутулуп, Өкүш сыйкырчынын кызын алып, өз үйүндө аябаган чоң той өткөрүп, бейпил турмушта жашап калган экен. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →