аткы2
- аңч. Алгыр куштарды, бүркүттү салар алдында ичин тазалоо үчүн жемсөөсүнө туздуу суу куюучу жорунун жилиги же жыгачтан жасалган түтүк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Басып барып алп Бозой, / Оң колу менен Нуранды, / Сол колу менен Чынарды, / Аткып белден кармады, / Колу-бутун арбайтып, / Бакадан бетер тарбайтып, / Батыш менен Чыгыштын, / Эки жаат элине, / Алып барып таштады, / Катар чыгып экөөнү, / Баатыр Бозой байге алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жакын кирип келгенде, / Жеткизбестен кылычты, / Көк желкеден аткыды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бар кийимин чечтирди, / Короодо бозой жылаңач, / Бүт кийимге жеткирди, / Алып кирип баланы, / Сылап-сыйпап жаткырды, / Сүйүнгөндөн Чыйырды, / Уктабай таңды аткырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…ыгып талаага, / Күбүр-шыбыр айттырып, / Калмакты карай чачтырып, / Тойгунча берип тамакты, / Балдарды койду жаткырып, / Уктабай жатып Жамгырчы, / Агарган таңды аткырып, / Күндүн мурду чыкпаста, / Жылкычыдан тогузду, / Туш-туш жакка чаптырып, / Туубай калган субайдан, / “Тагы жакшы түлөөгө, / Жубу жакшы эмес”, — деп, / Санап т…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Ал чочуган бойдон аткып, бутун тартып алып, чаң этип, ачуу дабыш менен бакырып жиберди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →