аткы1

китептерде 11 жолу, 4 китепте аткы 2 →
  1. Чеңгел менен апчып кармоо, апчып алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Басып барып алп Бозой, / Оң колу менен Нуранды, / Сол колу менен Чынарды, / Аткып белден кармады, / Колу-бутун арбайтып, / Бакадан бетер тарбайтып, / Батыш менен Чыгыштын, / Эки жаат элине, / Алып барып таштады, / Катар чыгып экөөнү, / Баатыр Бозой байге алды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жакын кирип келгенде, / Жеткизбестен кылычты, / Көк желкеден аткыды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Бар кийимин чечтирди, / Короодо бозой жылаңач, / Бүт кийимге жеткирди, / Алып кирип баланы, / Сылап-сыйпап жаткырды, / Сүйүнгөндөн Чыйырды, / Уктабай таңды аткырды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…ыгып талаага, / Күбүр-шыбыр айттырып, / Калмакты карай чачтырып, / Тойгунча берип тамакты, / Балдарды койду жаткырып, / Уктабай жатып Жамгырчы, / Агарган таңды аткырып, / Күндүн мурду чыкпаста, / Жылкычыдан тогузду, / Туш-туш жакка чаптырып, / Туубай калган субайдан, / “Тагы жакшы түлөөгө, / Жубу жакшы эмес”, — деп, / Санап т… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
Ал чочуган бойдон аткып, бутун тартып алып, чаң этип, ачуу дабыш менен бакырып жиберди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →