амир2

китептерде 23 жолу, 7 китепте амир 1 →
  1. Буйрук, бийлик.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эмчектери салаңдап, / Кысыр эмди танадай, / Эки колдун булчуңу, / Алты жашар баладай, / Амири менен кудурет, / Жан жараткан ар кандай / Жаандын баарын сорчудай, / Келе жатат тайманбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…ы араң сооротту, / Манасты калмак угат, деп, / Бай Жакыпты коргошту, / Жок уулуна кайгы жеп, / Алда кандай болдум, деп, / Бай Жакып ичи от болду, / Баары кудай амири, / Өлүп кеткен жаш бала, / Мен Манасты көрдүм, деп, / Энесине айтпаптыр, / Жакыптын таалай-ырысы, / Магдым укпай бул кепти, / Аркасына тартпаптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айчүрөк аңдап алганы, / Айсалкындын айтканын, / Жараткандын эрки экен, / Жакшы–жаман күн көрмөк, / Алла салса башына, / Амирине ким көнбөйт? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Амирдин улуу чоң суусу, / Чек ортосу жери бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Жазганым болсо кечиргин, / Жардамың болсо жеткиргин, / Адам келбес туйукка, / Амириң менен жеткирдиң, / Киши көрбөс туйукка, / Кимге мени жеткирттиң? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →