амир1
- Чыгыштагы кээ бир мусулман өлкөлөрүнүн башкаруучуларынын титулу жана ушундай титулу бар башкаруучу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эмчектери салаңдап, / Кысыр эмди танадай, / Эки колдун булчуңу, / Алты жашар баладай, / Амири менен кудурет, / Жан жараткан ар кандай / Жаандын баарын сорчудай, / Келе жатат тайманбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ы араң сооротту, / Манасты калмак угат, деп, / Бай Жакыпты коргошту, / Жок уулуна кайгы жеп, / Алда кандай болдум, деп, / Бай Жакып ичи от болду, / Баары кудай амири, / Өлүп кеткен жаш бала, / Мен Манасты көрдүм, деп, / Энесине айтпаптыр, / Жакыптын таалай-ырысы, / Магдым укпай бул кепти, / Аркасына тартпаптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөк аңдап алганы, / Айсалкындын айтканын, / Жараткандын эрки экен, / Жакшы–жаман күн көрмөк, / Алла салса башына, / Амирине ким көнбөйт?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Амирдин улуу чоң суусу, / Чек ортосу жери бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жазганым болсо кечиргин, / Жардамың болсо жеткиргин, / Адам келбес туйукка, / Амириң менен жеткирдиң, / Киши көрбөс туйукка, / Кимге мени жеткирттиң?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →