алыста2

китептерде 35 жолу, 7 китепте алыста 1 →
  1. Алыс кетүү, узап кетүү, алыс болуп жакшы сезилбей, көзгө илешпей калуу.
  2. Баштагыдай көп аралашпай, байланышпай, жакын жолобой калуу, оолак жүрүү, четтей баштоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алыстатып кетели, / Бешөө калса колу жок, / Бели сынат эмеспи, / Алып барса аскерин, / Эл кырылат эмеспи, / Эки жактын аскери. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Макил, Манас жөөлөшсүн, / Макилдей дөө Манас да, / Манас да корксо Макилден, / Турбай кайта кетели, / Алыста калган Таласка! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тээ көрүнгөн алыста, / Жерде десем көктө окшойт, / Көктө десем жерде окшойт, / Кээде жалгыз, кээде беш, / Келе жатат бир караан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Өткөн күнүн болжолдоп, / Ар санааны көп ойлоп, / Атын алып токунуп, / Алыста жаткан аскерге, / Бармак болду кол сунуп, / Бастырды жаткан жеринен, / Сомбилек келе жатат, деп, / Камданды бардык калмак эл. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →
/ Алыста калды сансыз жан. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →