алыста1
- Алыс жерде, алыс аралыкта.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алыстатып кетели, / Бешөө калса колу жок, / Бели сынат эмеспи, / Алып барса аскерин, / Эл кырылат эмеспи, / Эки жактын аскери.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Макил, Манас жөөлөшсүн, / Макилдей дөө Манас да, / Манас да корксо Макилден, / Турбай кайта кетели, / Алыста калган Таласка!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Тээ көрүнгөн алыста, / Жерде десем көктө окшойт, / Көктө десем жерде окшойт, / Кээде жалгыз, кээде беш, / Келе жатат бир караан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Өткөн күнүн болжолдоп, / Ар санааны көп ойлоп, / Атын алып токунуп, / Алыста жаткан аскерге, / Бармак болду кол сунуп, / Бастырды жаткан жеринен, / Сомбилек келе жатат, деп, / Камданды бардык калмак эл.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
/ Алыста калды сансыз жан.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →