айран2
- Таң калгандык, аң-таң болгон абал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Ай уланды, ай кетти, / Акылы айран калгындай, / Чигитей укту бир кепти: / “Каңгайдакы Оторду, / Батай, Катай кошулду, / Дөрбөн келип кол менен, / Каңгайдын жерин толтурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Элдер айран калгандай, / Уккандар кебин салгындай, / Урматтап сени узатсам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Арданган Күдүк алайып, / Ачуусу келип карайып, / Энтиге түшүп дем алсаң, / Текечердей танайып, / Энтелей басып алыптыр, / Жоолугун алып колуна, / Терин аарчый салыптыр, / Таң кашкайган маалда, / Алмамбетке барыптыр, / Күдүктү көрүп Алакең, / Айран азыр калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…үп быркырап, / Карысы какшап зыркырап, / Көзүн ачса каранып, / Ээрдин тиштеп карарып, / Мурункудан жакшыраак, / Тоо чоңойду шаңданып, / Тоону көрүп Кара дөө, / Айраң болуп, таң калып, / Аркы жагын караса.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Көрүнгөн жок эч караан, / «Келбей калган окшойт» — деп, / Кыйазга айран калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →