айран1

китептерде 102 жолу, 10 китепте айран 2 →
  1. Сүттөн уютулган ачкыл тамак.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Ай уланды, ай кетти, / Акылы айран калгындай, / Чигитей укту бир кепти: / “Каңгайдакы Оторду, / Батай, Катай кошулду, / Дөрбөн келип кол менен, / Каңгайдын жерин толтурду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Элдер айран калгандай, / Уккандар кебин салгындай, / Урматтап сени узатсам. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Арданган Күдүк алайып, / Ачуусу келип карайып, / Энтиге түшүп дем алсаң, / Текечердей танайып, / Энтелей басып алыптыр, / Жоолугун алып колуна, / Терин аарчый салыптыр, / Таң кашкайган маалда, / Алмамбетке барыптыр, / Күдүктү көрүп Алакең, / Айран азыр калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…үп быркырап, / Карысы какшап зыркырап, / Көзүн ачса каранып, / Ээрдин тиштеп карарып, / Мурункудан жакшыраак, / Тоо чоңойду шаңданып, / Тоону көрүп Кара дөө, / Айраң болуп, таң калып, / Аркы жагын караса. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Көрүнгөн жок эч караан, / «Келбей калган окшойт» — деп, / Кыйазга айран калыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →