айда2

китептерде 1024 жолу, 10 китепте айда 1 →айда 3 →айда 4 →
  1. Үрөн себүүгө же өсүмдүктөрдүн уругун, көчөтүн тигүүгө ылайыктатып, жерди трактор, соко же күрөктөө менен иштетүү.
  2. Айдалган жерге эгин же башка өсүмдүктөрдү эгүү, себүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ажалың айдап жан шашып, / Кыргызга Таңгыт не тийдиң?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элге айтып байанды, / Жакшылап күндү жай алды, / Салакалуу жай ташты, / Салып сууга байлады, / Асмандагы булутту, / Шамал козгоп айдады, / Шыбыргактап борошо, / Алай-дүлөй күн жаады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айдалып чыккан Чачыкей, / Камышка барат мааналап, / Көлөкө бербей камыштар, / Эттерин тилет чапкылап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Айда, тамак ашасенчи,— деди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала эки өгүздү чыгарып коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап таштайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →