айда1

китептерде 1024 жолу, 10 китепте айда 2 →айда 3 →айда 4 →
  1. Малды чаап, жазгап же дабыштап, турган жеринен башка жакка кетирип жиберүү, кууп салуу, оолактатуу.
  2. Малды ж.б. алдыга салып, белгилүү бир багытка карай сүрүү, тескеп жүрүп отуруу.
  3. Туткунду, күнөөкөрдү ж.б. мажбурлап, белгилүү бир жакка барууга аргасыз кылуу, алдыңа салып, тийиштүү жакка жеткирүү.
  4. Кыймылга келүүчү, ордунан жылуучу нерсени (кайыкты, машинаны, самолётту ж.б.) жүргүзүү, анын жүрүү кыймылын башкаруу.
  5. Кетирүү, жок кылуу, бир нерседен арылтуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ажалың айдап жан шашып, / Кыргызга Таңгыт не тийдиң?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Элге айтып байанды, / Жакшылап күндү жай алды, / Салакалуу жай ташты, / Салып сууга байлады, / Асмандагы булутту, / Шамал козгоп айдады, / Шыбыргактап борошо, / Алай-дүлөй күн жаады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Айдалып чыккан Чачыкей, / Камышка барат мааналап, / Көлөкө бербей камыштар, / Эттерин тилет чапкылап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
— Айда, тамак ашасенчи,— деди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Бала эки өгүздү чыгарып коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап таштайт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →