үйүр2

китептерде 18 жолу, 6 китепте үйүр 1 →
  1. Имере чогултуу, имере шилтөө, имере экчөө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кыргызда калсаң үйүр алып, / Курсагың ток кайгы жок, / Калган кеңеш силерде. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ — Айдоого келген, сен аскер, / Сенде жазык жок, – деди, / Жөн кишиге катышпай, / Жолуң менен кет, — деди, / Кайра келип калмактар, / Каңгайга барсак айдайт деп, / Куландын сары сайында, / Эсепке бизди албайт, деп, / Үч кошут менен жылдызга, / Үйүр алышып жердеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жүгөнү менен ноктосун, / Шыйрып алды башынан, / Арам өлгөн Карткүрөң, / Башын жерге салбастан, / Куйругун салып сыртына, / Ойноп кетип калганы, / Арасы алты күндүк жол, / Үйүр болгон аттарга, / Тоо башына күн чала, / Ошого жетип барганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Колбутуп аскер жам кылып, / Койбой баарын айдасын, / Үйүр агып сел келсин, / Астын үстүн көп келсин, / Жаалы катуу эр келсин, / Жалмаңдаган шер келсин, / Жалындап күйгөн от келсин, / Жайнаган кызыл чок келсин, / Мылтык атып, жаа тартып, / Жамгырдай түшкөн ок келсин, / Баатырлардын тукуму, / Баары калбай бүт келсин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Туш-туштан тарсылдатып аткылап, элдин үрөйүн алып, үйүрдүү малды үйүрү менен, жүктүү малды жүгү менен четинен тизип алып жөнөдү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →