үйүр1
- Малдын же жапайы айбандардын тобу.
- Арасында бир эркеги бар малдын тобу (көбүнчө жылкы).
- Үйрөнүшүп калган, жакын болуп кеткен, көнүшкөн.
- Шыктуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кыргызда калсаң үйүр алып, / Курсагың ток кайгы жок, / Калган кеңеш силерде.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ — Айдоого келген, сен аскер, / Сенде жазык жок, – деди, / Жөн кишиге катышпай, / Жолуң менен кет, — деди, / Кайра келип калмактар, / Каңгайга барсак айдайт деп, / Куландын сары сайында, / Эсепке бизди албайт, деп, / Үч кошут менен жылдызга, / Үйүр алышып жердеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жүгөнү менен ноктосун, / Шыйрып алды башынан, / Арам өлгөн Карткүрөң, / Башын жерге салбастан, / Куйругун салып сыртына, / Ойноп кетип калганы, / Арасы алты күндүк жол, / Үйүр болгон аттарга, / Тоо башына күн чала, / Ошого жетип барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колбутуп аскер жам кылып, / Койбой баарын айдасын, / Үйүр агып сел келсин, / Астын үстүн көп келсин, / Жаалы катуу эр келсин, / Жалмаңдаган шер келсин, / Жалындап күйгөн от келсин, / Жайнаган кызыл чок келсин, / Мылтык атып, жаа тартып, / Жамгырдай түшкөн ок келсин, / Баатырлардын тукуму, / Баары калбай бүт келсин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
Туш-туштан тарсылдатып аткылап, элдин үрөйүн алып, үйүрдүү малды үйүрү менен, жүктүү малды жүгү менен четинен тизип алып жөнөдү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →